Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Эч бир адепсиз адам Аллахтын олуя кулу боло албайт




Эч бир адепсиз адам Аллахтын олуя кулу боло албайт


Баязыд Бистами хазреттеринен сүйгөн адамдарынан бир канчасы: "Баланча шаарда аалым-олуя бир зат бар, аны зыярат кылып барсак”, - деп суранышты. Акыры көңүлдөрү калбасын деп өтүнүчтөрүн кабылдап, ал затты зыярат кылуу үчүн жолго чыгышты. Акыры ал зат жашаган жерге келип жетишкен эле. Сураштырып мечит тарапты көздөй басышты. Мечитке 200-300 метр калган кездеринде баягы затты көрүшкөндө дароо: "Мына устаз, биз айткан мубарек зат ушул”, - дешти. Ал зат дал ошол убакта жерге түкүрдү. Ошондо Баязыд Бистами хазреттери: "Артка кайталы, аны менен көрүшүүнүн кереги жок”, - деп буюрду. Жанындагы адамдар кайрадан болбой суранышты. "Устаз, ушунча жол жүрүп келдик, ал мубарек затты көрбөстөн кантип артка кетебиз”, - дешти. Бирок, алардын бул аракеттери пайда бербеди. Баязыд Бистами хазреттерин жакшы көргөн бул адамдар: "Аалым, олуя зат, бир көрүшсөк жакшы болмок”, - дешкенде Бистами хазреттери айтты:

"Ал адам олуя жана аалым боло албайт. Кыбыла тарапка түкүрдү. Бул адам Расулуллахка карата сакталуусу керек болгон адептерден бирин сактабады. Олуя болуш үчүн сакташ керек болгон адептерди дагы сактай албайт. Эч бир адепсиз адам Аллаху тааланын олуя, сүйүктүү кулу боло алган эмес.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш