Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Аны Периштелер жууду




Аны Периштелер жууду


Ухуд согушуна үйлөнгөнүнө бир күн болгонуна карабастан Пайгамбарыбыздын буйругуна моюн сунган Хазрети Ханзала дагы кошулган эле. Согуш бүткөндө Мусулмандар Мединага кайтып башташат. Согушка катышкандардын жакындары "бизден кеткендерден кайра кайткандар бар бекен” дешип толкундануу менен жол боюна тизилип күтүп турушкан эле. Булардын арасында үйлөнгөнүнө бир күн гана болуп, түн ортосунда сүйүктүү Пайгамбарыбыздын буйругуна баш ийип согушка барган жана шейиттик шербетин ичкен Хазрети Ханзаланын да жубайы бар эле. Ар ким өтө толкунданып согуштан кайткандардан өз жакындарынын кабарын сурашат, бирок, эч ким эч кимге жооп бере албай жаткан эле. Суралган суроолорго бир гана сүйүктүү Пайгамбарыбыз "алейхиссалам” жооп берип жаткан эле.

Эң акыры суроо кезеги Ханзаланын жубайына келет.

Расулуллахка "саллаллаху алейхи ва саллам” жакындап сурайт:

- Эй, Аллахтын Расулу! Ханзала кайда?

- Сүйүктүү Пайгамбарыбыз жооп кылып мындай дейт:

- Ханзала шейит болду.

Ошодой дегенде Ханзаланын жубайы жерди карап, акырын үн менен:

- Йа, Расулаллах, азыр айта турган нерсем үй-бүлөлүк сыр. Сиздер дагы билесиздер, күйөөм менен үйлөнгөнүбүздүн биринчи гана түнү болчу. Ханзала сиздин мубарек буйругуңузга баш ийип гусулун дагы ала албастан дароо согушка кошулду. Ошондуктан, буйрук бериңиз, күйөөмдү таап жуушсун, – дейт.

Пайгамбарыбыз мындай деди:

"Сен Ханзалага эч капа болбо! Мен Ханзаланы периштелердин жуушкандыгын көрдүм.”

Ошондуктан, ага "Гасилул-малаика”, б.а., "Периштелер гусул кылдырган Ханзала” деп айтылат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш