Сууда жашаган бир балык суунун кадырын билбейт,
суудан чыгарып койсоң кайра сууга жетиш үчүн жан алакетке түшөт. Адамдар дагы
ушундай. Колунда турган жакшылыктардын шүгүрүн анык биле албайт, бетердин
бетерин, жамандын жаманын көрмөйүнчө, башынан өтмөйүнчө анча түшүнө бербейт.
Бир падыша кулу менен бирге кемеге түшөт. Кул эч
качан деңиз көрбөгөн жана кеме машакатын тартпаган эле. Онтоп ыйлап баштайт.
Калтырап титирейт. Сооротуш үчүн канча аракет кылышса да басылбайт. Пайдышанын
тынчы кетет.
Кемедегилер эмне кылууну билбей турган кезде карыя
бир адам падышанын алдына чыгап: "Уруксат берсеңиз, мен анын үнүн
басайын", - дейт. Падыша мунун сунушун жактыруу менен кабылдайт.
Карыянын буйругу менен кулду деңизге ыргытышат.
Кул бир нече жолу сууга чөгүп, кайра чыгат. Кийин чачынан кармап, кеме тарапка
тартышат. Кул кемеге жакындаганда эки колу менен жипке бекем карманат, ошентип
кемеге чыгып, бир бурчка кадалып энтигип отуруп калат.
Карыянын кылган жоругу падышаны таң калтырат.
"Бул ишиңдин сыры эмне”, - деп сурайт.
Карыя адам жооп берет: "Кул алгач сууга
чөгүү, тумчугуп өлүү коркунучун башынан өткөргөн эмес. Кемедеги жан саламатынын
кадырын билбеди. Мына, тынчтык жана бакыт ушундай болот, бир жамандык көрбөгөн
адам көңүл тынчтыгынын кадырын биле албайт.”