Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Чыныгы аалымдардын абалы




Чыныгы аалымдардын абалы


Султан Ахмед Хан бир күнү ылайык көргөн бир белекти шейхи Азиз Махмуд Худайи хазреттерине жиберет. Бирок, шейх хазреттери аны кабылдабайт. Албетте, бул кабылдабоо султанга карата каршылык маанисинде эмес эле. Дин улуктарынын көбү принцип катары келген белекти кабыл кылышчу эмес.

Султан Ахмед шейхи кабыл кылбаган белекти өз заманында жашаган дин улуктарынан Абдулмажид Сивасиге жиберет. Ал кабыл кылат. Ага ошол белекти Азиз Махмуд Худайиге сунушкандыгын, бирок, кабыл кылбагандыгын да эскертишет. Сиваси улуктарга жараша турчу тутумун карманып:

"Шейх Худайи тарпты кабыл кыла тургандай карга эмес да”, - дейт.

Азиз Махмуд Худайиге болсо: "Сиз кабыл кылбаган белекти Шейх Сиваси кабыл кылды”, - дешет. Ал буга мындай жооп кылат: "Ага эч бир коркунуч жок. Себеби, ал ушунчалык чоң деңиз болгондуктан кымындай ылайдын өзүн кирдете албастыгын билет.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш