Аллаху тааланын олуя заттарынын улуктарынан болгон
бир зат Рамазан күнү шакирттери менен бирге бир шаарга баруу үчүн жолго
чыгышат. Шаарга жакындаганда адамдардын аны тозуп алуу үчүн агылып жолго
чыгышканын көрөт. Мубарек зат дароо жанынан кургак нанын алып оозуна салат.
Муну көргөн элдер: "Биз муну аалым, олуя деп жүргөн экенбиз, Рамазан күнү
орозо кармабай, анысы аз келгенсип көз көрүнө жеп жатат. Мындай адам менен
сүйлөшүүгө болобу?” – деп таркап кетишет.
Шакирттери анын бул кылган ишинин хикмат сырын
сурашканда: "Ошончолук көп адамдардын биз үчүн жолго чыкканын
көргөндө көңүлүмө текеберлик жана бой көтөрүү келүүсүнөн корктум, алардын
көздөрүнө ушундай көрүнүп напсимди басмарлоо үчүн бул ишти кылдым. Нанды
тиштедим, бирок, жутпадым. Баары нанды жеди деп ойлошту. Көңүлүмө текеберлик
орноп Аллаху тааланын каарына себеп болгонумда абалым эмне болмок”, -
дейт.