Бир күнү Абу
Жахил Пайгамбарыбыз алейхиссаламга тузак даярдап, үйүнүн алдына чуңкур казат. Ошондон
кийин Расулуллахты үйүнө чакырат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам анын чакыруусу
менен Абу Жахилдин үйүн көздөй жолго чыгат. Үйгө жакындаганда Жабраил
алейхиссалам келип, Абу Жахилдин тузак үчүн үйүнүн алдына чуңкур казганын
айтат. Ошондо Пайгамбарыбыз алейхиссалам үйүнө кайтып кетет. Абу Жахил болсо
Анын кайтып кеткенин түшүнө албай, өзүнөн сурайын деп артынан чуркап баратып,
эшиктин алдындагы чуңкурду унутуп, кадам таштары менен өз колу менен казган
чуңкурга кулап түшөт.
Аны чыгаруу үчүн жип сунушканда, жипке
эч жете албайт. Жип узарган сайын чуңкур да ошончолук тереңдей берет. Бул
жагдайдан улам Абу Жахил караңгы чуңкурдун түбүндө акылынан тая жаздайт.
Расулуллахка кабар берип, Аңдан өзүн чыгаруусун суранат. Жагдайды Пайгамбарыбыз
алейхиссаламга жеткиришет. Ошол замат чуңкурдун четине келип, мындай дейт:
- Эгер сени чуңкурдан чыгарсам ыйман
келтиресиңби?
Ал да макул болот.
Пайгамбарыбыз
алейхиссалам куттуу колдорун сунуп, Абу Жахилди чуңкурдан чыгарат. Абу Жахил
чуңкурдан чыгаар замат:
- Мен өмүрүмдө
сендей күчтүү сыйкырчыны жолуктурган эмесмин, - дейт жана ыйман келтирбейт.