Өкүмдарлардын бири вазирине уулунун устазы
тууралуу даттанат:
- Уулумдун
илим үйрөнүүсү, менин ордума жакшы өкүмдар болуусу менин тилегим. Ал болсо
дайыма ыр-музыка менен алектенип жүрөт. Демек, устазы ага жакшы багыт бере
албай жатат.
Вазир айтат:
- Өкүмдарым, устаздын колунда эч нерсе
жок. Баланын зээни, кабылдоо күчү эмнеге карата болсо бир гана ошол нерседе
өнүгүүсүнө, жетилүүсүнө жардам бере алат. Адамдын табиятын өзгөртүүгө болбойт.
Тарбия жаратылышка байланыштуу.
Өкүмдар болсо тарбия менен жаратылышты башкарып
багыт берүүгө боло тургандыгын тастыктап жаткан эле. Муну далилдеш үчүн бир кеч
сарайында оюн-зоок уюштурат. Оюн-зоокто үйрөтүлгөн мышыктардын көргөзмөлөрү
дагы орун алат. Мышыктар жондоруна коюлган бир табактын ичинде жагылган шамды түшүрбөстөн
басышат. Өкүмдар бул вазирге мышыктарды көрсөтүп айтат:
- Көрүп турасыз, тарбиянын күчү эмнеге гана
жетпейт.
Вазир жооп айтпайт. Дагы бир күнү боло турчу
оюн-зоок кечесин күтөт. Күткөн маал келип, бул сапар вазир өзү менен бирге бир
канча чычканды жашырып ала келет. Мышыктар көргөзмөгө чыккан кезде бул
чычкандарды мышыктардын ортосуна коё берет. Мышыктар жонундагы табактарды
унутуп, шамдары менен туш тарапка тоголотуп, чычкандардын аркасынан жүгүрүшөт.
Жанып турган шамдардан жердеги килемдер тутанып өрттөнөт. Бир заматта
баш-аламанга айланат. Дал ошол учурда вазир падышага жакындап:
- Көрдүңүзбү падышам, тарбия жаратылышка
байланыштуу, – деп айтат.