Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Аятал курсини окуу




Аятал курсини окуу


Даанышман заттар айтышкан:

Аятал курсини ыклас менен окугандын адам жана айбан акылары жана фарз карыздарынан башка бардык күнөөлөрү кечирилет. Башкача айтканда, тооболору кабыл болот. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам”: "Бир момун бир Аятал курси окуп бардык өлгөндөрдүн рухтарына багыштаса момундардын кабырлары көз көрө албай тургандай кеңейет жана өлгөндөр дагы анын рухуна дуба кылышат”, - деп айткан. Хазрети Али дагы: "Кабыр азабынан кутулуу үчүн Аятал курсини көп окуш керек”, - деген.

Дин улуктары дайыма үйдөн чыгарда сөзсүз Аятал курсини окушчу. Аятал курси сөзсүз коргоочу. Бир күнү Имам Раббани хезреттери жубайы менен отурганда терезеден өткөн-кеткен адамдарды карап жатып күлөт. Жубайы: "Эмне үчүн күлдүң?” – деп сураганда айтат:

"Бир мусулманды көрдүм, өтүп бара жатканда шайтан оң жагынан кол салды, ал жердеги периште башына бир чокмор урду, сол тарабына өттү. Ал жерден дагы кол салды, сол жактагы периште дагы чокмор урду, алдына өттү. Дагы бир чокмор жеди, аркасына өттү. Ал жерден да бир чокмор жегенде маскара болду, качып жок болду. Ал адамга зыян бере албады. Себеби, бул момун үйүнөн чыгып жатканда Аятал курси окуган эле. Аятал курси окулганда периштелер анын айланасында бир айлана курат, шайтан жолой албайт. Жатарда окуса да шайтан жакындай албайт. Кол салгысы келгендерди дагы периштелер мына ушундай кылат. Ошондуктан, үйгө кирип-чыгарда, жатарда Аятал курсини окуу керек.”

Бир зат дагы жумуштап башка мамлекетке барат. Аялы ал күнү кир жууп, күн бою чарчап жатат. Уурулар: "Кандай болсо да үй ээси жок, бул түнү үйдү тонойлу”, - дешет. Түнү барып карашса үйдүн тегереги жартысына чейин дубал менен курчалганын көрүшөт. Канча аракет кылышса да үйгө кире алышпайт. Экинчи түнү келишет, бул сапар үй төбөсүнө чейин дубал менен курчалганын көрүшөт. Дагы эле эч нерсе кыла алышпай кайтышат. Үчүнчү күнү уурулар үй ээсин базарда көрүп жанына келип: "Аксакал, бизди кечир, таң каларлык нерсе болгондуктан сага айтып жатабыз. Сен кеткенде үйүңдү тонойлу деп бардык, бирок, тоной алган жокпуз. Күндүз үйдүн айланасында дубал жок эле. Түнү келгенде тегерегинде жарым дубал бар болчу. Экинчи күнү барсак бул жолу дубал үйдүн чокусуна чейин болуп калыптыр”, - дешет. Тиги адам үйүнө келип уккандарын аялына айтат. "Кандай дуба окудуң эле бул окуя болду?” – деп сурайт. Аялы: "Биринчи күнү абдан чарчаган элем, Аятал курсини толуктай электе уктап калыпмын. Экинчи күнү толук окуп жаттым”, - дейт. Ошондуктан, ар мүмкүнчүлүктө Аятал курси окууну калтырып койбоо керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш