Бир Рамазан күнү эле. Мусулман кварталында жашаган
бир мажусинин кичине баласы орозолуу мусулмандардын арасында нан жеп жаткан
эле. Атасы баласынын бул кылыгын көргөндө: "Балам, мусулмандардын арасында
нан жегениң кандай? Алар бул күндөрдө орозо кармашат, бул күндөр алар үчүн
мубарек күндөр, урмат көрсөтүү керек”, - деп эскертип: "Бар үйдө же”, -
деп, баланы үйүнө жөнөтөт.
Бул окуядан бир нече жылдан кийин бул мажуси өлөт.
Анын өлүмүнөн кийин ошол шаардагы бир мусулман муну Жаннатта экенин көрөт.
Мажусиге: "Кандайча бул ниматка ээ болдуң! Биз сени мажуси деп билчү элек.
Жада калса, өлгөнүңдө жаназа намазыңды да окубаган элек”, - деди.
Ал болсо мына бул жоопту берет:
"Ооба! Туура айтасың. Мен мажуси болчумун.
Бирок, бир күнү кичине балам мусулмандардын арасында алар орозолуу кезде нан
жеп жаткан эле. Мен болсо баламдын алардын алдында нан жегенине уруксат
бербедим. Мусулмандар урмат кылган нерсеге мен дагы урмат көрсөткөндүгүмөн
Жанабы Аллах оору төшөгүмдө жатканда мени мусулман болуу сыймыгына ээ кылды.
Мусулман болуп өлгөндүгүм үчүн бул жакшылыкка ээ болдум.”