Индустан Султаны Махмуд Газнави Делиде аскерлери
менен бара жатып үстүнөн түтүн булаган үйгө кирет, караса Абул Хасан
Харкани хазреттери китептери жана шакирттери менен алектенип, Султанга
көңүл бурбайт. Султан болсо буга абдан ачууланып, бирок, билдирбестен айтат:
- Устаз
- Эмне болду?
- Устазың Баязыди Бистами кандай адам болгон?
Абул Хасан Харкани устазынын атын укканда айтат:
- Устазым ушундай бийик зат болчу, эгер мусулман
эмес бир адам жүзүн караган кезде ыйман келтирүү сыймыгына ээ болчу эле.
- Бул кандай кеп? Пайгамбарыбызды Абу Жахил жана
калган мушриктер көрүштү, бирок, ыйманга келбеди, сенин устазың жүзүн көрөр
замат ыйманга келгидей Пайгамбарыбыздан да жогору беле?
Абул Хасан Харкани хазреттери ушул жоопту берет:
Абу Жахил жана калган мушриктер Пайгамбарыбызды
Абу Талибдин жетими деген көз менен карашты, Пайгамбар деп карашпады. Устазым
Баязыди Бистами хазреттеринин жүзүнө бир атеист же Яхуди бул Баязыди Бистами
хазреттери деген көз менен карай турган болсо ыйман келтирүү менен сыймыктанат.
Бул жообу Султанга жагат жана ыраазы болуп кайтат.
Абул Хасан Харкани хазреттери Султанды сыртка чейин узатып чыгат. Султан буга
таң калып айтат:
- Сени түшүнө албадым, келгенимде бетиме да
карабадың эле, азыр болсо сыртка чейин узатып жатасың. Себеби эмне?
- Келген кезде текебердик менен ичке кирдиң, кетип
жатканда карапайымдык менен кетүүдөсүң, азыр сулуулаштың.