Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Ачкалыктан өлгөн бай




Ачкалыктан өлгөн бай


Юсуф алейхиссалам өзүнө жалаа жабылып, зынданда жатканда Мысыр өкүмдары түш көрөт. Коркуу менен уйкусунан ойгонуп, өз элиндеги чыгаан түш жоругуч көсөмдөрүн чакырып: "Мен түшүмдө 7 семиз уйдун 7 арык уйду жеп жатканын жана 7 жашыл машак, 7 куураган машак көрдүм. Эгер түштү жоруп бергиле”, - дейт. Алар: "Биз мындай түштөрдү жоруй албайбыз”, - дешет. Хазрети Юсуф менен зынданда бирге болгон шербетчи Хазрети Юсуфтун туш жоругандыгын эстеп: "Мен бул түштү жорутамын”, - деди да, Хазрети Юсуфтун жанына келди. Мысыр өкүмдарынын тушүп айтып берип, бул түштү жоруусун суранды.

Хазрети Юсуф: "7 жыл молчулук, 7 жыл каатчылык болот. Молчулук мезгилде сактагыла, каатчылык кезде буларды жейсиңер. Молчулук жылдары көп эгип, эгиндерди саптары менен бирге машактары менен кошо кампага сактап коюшуң керек. Ушундайча эгиндер бузулбай сакталат, саптары болсо жан-жаныбарга азык болот. Элге дагы эгинден муктаждыктарын кетире турган өлчөмдө гана колдонууларын, калган бөлүгүн сактап коргоолорун буйрук кылууң керек. Бул азыктар каатчылык мезгилде силердин жана айланадагы адамдардын муктаждыктарын камсыздайт”, - дейт.

Хазрети Юсуфтун кеңештерин жактырган өкүмдар Мысырдын казыналарынын башкаруу ишин Хазрети Юсуфка тапшырды. Ал болсо талап кылынган үнөмдөө иштерин жолго салды. 7 молчулук жылдан кийин 7 каатчылык жыл келип жетти. Туш тараптан буудай алуу үчүн адамдар келе баштады.

Бул окуядан бир мөөнөт өтүп Йеменде өтө катуу сел жүрүп, бак-дарактарды тамырынан жулуп, турак жайларды жууп келкен эле. Суулар тартылгандан кийин эски бир мазардын ачылып калгандыгын көрүшөт. Ортого бир аялдын сөөгү менен кошо көп байлык чыгат. Ал жердеги эстеликтеги жазуу окулганда бул сөөктүн Химйари өкүмдарларынын биринин кызы болгон Тажа аттуу бир аялга тийиштүү экендиги белгилүү болот. Тажанын сөөгүнүн мойнунда 7 берметтен шуру, колдорунда 7 баалуу алтын билерик, буттарында 7 гаухар билерик жана манжаларынын жетисинде кооз гаухар шакектер бар болот. Айрыкча, баш тарабында өтө баалуу буюмдарга толгон бир табыттын жаркылдап тургандыгы да назарга түшөт. Бул табыттын алдыңкы бөлүгүндө тагылган жазуулар өзүнө көңүл бурдурат.

Жазууда булар жазылган эле:

«Мен өкүмдардын кызы Тажамын. Өлкөбүздө катуу каатчылык болгондугу үчүн буудай алып келүүгө бир нече адамымды Мысырдын казына башчысы болгон Юсуф алейхиссаламга жибердим. Бир далай убакыт өтсө дагы жиберген адамдарым келбей, адамдарыбыздын кээ бирлерине бир кантар (50 килограммчалык) күмүш берип, кайсы жерден босо да буга бир кантар ун алып келүүсүн буйрук кылдым. Алар болсо таба алышпады. Акыры бир кантар алтын берип кайра жиберсем анда да таба алышпагандыктан берметтерди майдалап жештен башка чара таба албадым. Бирок, ал дагы азык боло албагандыктан ушунча көп байлык ичинде ачкадан өлүм менен бетме-бет калдым. Менин бул аянычтуу окуямды уккандар керектүү сабак алуулары керек, байлыгына ишенбөөлөрү керек, зарыл болгон үнөмдөө жолун тандоолору керек. Тарыхта алтындын да, берметтин да ишке жарабай турчу жагдайлары болгону менен менден башка дүнүйөдө кайсы аял ушунчалык зыйнат ичинде өлгөн?»

Казыналар бул аялга пайда бербегендей эле акыретте да пара-пул өтпөйт. Хадиси шарифте мындай делген:

"Үстүндө кул акысы бар адам өлүүдөн мурда төлөп, кул ээси менен адалдашсын! Себеби, акыретте алтындын, мал-мүлктүн кадыры болбойт. Ал күндө акы төлөнгөнгө чейин өз сооптору алынып, сооптору болбосо акы ээсинин күнөөлөрү буга жүктөлөт.” [Бухари]

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш