Ибрахим Адхам хазреттерине бир адам акча
белек кылмакчы болот.
- Мен байдын бергенин аламын. Кедей болсоң
бергениңди албаймын.
- Мен баймын мырзам.
- Канча алтының бар?
- Эки миң алтыным бар.
- Бул алтындын төрт миң болуусун
каалайт белең?
- Каалайт элем.
- Алты миң болуусун каалайт белең?
- Албетте, каалайт элем.
- Демек, сен канча көп болсо андан да
көбүрөөгүн каалайт элең, туурабы?
- Ооба, мырзам.
- Кана сен бай элең? Сен абдан кедей
турбайсыңбы. Эгер бай болгондо көбүнө муктаж болмок эмессиң. Бар эми,
буларды да ошол акчаларыңдын үстүнө кой, дагы бираз көбөйсүн.