Нух алейхиссаламдын заманында адамдар узун өмүрлүү
болушкан экен. 800 – 1000 жылга чейин жашашчу экен. Бир аялдын баласы кайтыш
болот. Аял аябай ыйлайт. Кошуна аялдардын бири ага деген экен:
- Эмне мынчалык ыйлайсың, Аллаху тааланын тагдыры
ушундай экен да.
- Албетте ушундай, мен ага ыйлаган жокмун.
- Анда эмнеге ыйлап жатасың?
- Балам көп күн көрө албай калды деп,
энелик мээримимен улам ыйлап жатам.
- Балаң канча жашта эле?
- 275 жашта эле.
- Макул, бирок, сен буга ыйлап турасың да, акыр
заманда келе турган үммөт эмне кылсын, өмүрлөрү 50-60 жыл гана болот.
- Чын эле айтып жатасыңбы?
- Албетте.
- Ооо Кудай! Алар там да салабы?
- Албетте, бир канчасын салат экен.
Мен алардын ордунда болсом чатырымдын бир
казыгын болсо да алмаштырмак эмесмин.