Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Текебердиктин зыяны




Текебердиктин зыяны


Күнөөгө бир тообо жетет, таатка (ибадаттарга) миң тообо жетпейт. Күнөө кылган адам тообо кылса Аллах кечирет. Бирок, ибадат кылган адамдын ужбка (өзүн жакшы көрүү), кибирге (текебердикке) чалдыгып калуусу мүмкүн. Буга миң тообо да жетиштүү эмес. Исраил уулдарынан бир фасык (күнөөкөр) бар эле. Бир абид (көп ибадат кылуучу адам) да ибадаты менен таанылган эле. Фасык ал абиддин жанынан өтүп баратып: "Барып бул абиддин жанына отурайын, балким Аллаху таала анын урматына мени кечирсе”, - деп ойлоду. Барып абиддин жанына отурду. Абид болсо үстүндө бир булут дайым көлөкө салып турган бир зат болгондуктан текеберленип: "Бул фасык мени менен отура албайт”, - деп, андан бетин бурду. Абдан кыжалат болгон фасык да кетип калды. Бирок, абиддин үстүндөгү булут фасык менен бирге кетти. Аллаху таала доорунун Пайгамбарына: "Адамдардын ниеттерине карай мамиле кыламын. Фасыктын күнөөлөрүн анын жакшы ниетине байланыштуу кечирдим. Абиддин ибадаттарын да текебердигинен улам жок кылдым”, - деп кабар берди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш