Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Намаз окуунун берекеси




Намаз окуунун берекеси


Даанышман заттар айтышат:

"Ичкилик ичүү чоң күнөө, ичкилик ичкен адам намаз окубасын”, -деп айтылууда. Бул туура эмес. Намаз бөлөк, ичкилик бөлөк. Көп чоң күнөөлөр кылынган болсо дагы намазды эч качан таштабаш керек. Аалымдарыбыз: "Намаздын берекеси менен башка күнөөлөрдөн да тыйылуу оңой болот”, - деп билдиришкен.

Салих бир заттын соода менен алектенген кошунасы базардан үйүнө келгенде дайым ичкилик ичилген оюн-зоок уюштуруп, түнү бою тынчтыкты алчу. Салих зат кошунасынын ызы-чуусунан тынчсызданып, башка бир үйгө көчүп кетет. Бир канча күндөн кийин ал кошунасы каза болот. Салих зат эски үйүнө кайтып көчүп келет.

Бир күнү эшикти бирөө кагат. Эшикти ачып караса бою асманга чейин узун бир адам турат. Эмне максатта келгенин сураганда адам айтат:

- Күрөктү ал дагы мени менен кел!

Сен кимсиң, мени кайда алып барасың, мага эмне кыласың?

- Унчукпа! Күрөктү ал дагы мени менен кел!

Күрөктү алып, ал киши менен бирге көрүстөнгө келишет. Бир мазарды көрсөтүп, ал жерди каз дейт. Салих зат көрсөтүлгөн мазарды каза баштайт. Ал киши токто деп, бир кышты чыгар деп чыгартат. Кышты чыгарган тешиктен мазардын ичин кара дейт, караса баягы кошунасы Бейиште жүрөт жана ал тургай такта отурган болот.

Салих зат таң калып: "Бул менин каза болгон кошунам. Бул кандайча болду? Мен кандай ката кетирдим экен?" - дейт.

Ал киши айтат:

- Каза болгон кошунаң күндө күнөө кылчу; бирок, намазын такыр калтырчу эмес жана намазын артынан да ушул дубаны окучу:

"Эй, Раббим! Билемин күнөөм өтө көп. Бирок, Пайгамбарыбыз алейхиссаламды, ахл-и байтын, арасындагы согуштар эмне себеп менен болгон болсо дагы сахабаларды жана алардын жолундагыларды сүйөмүн, алардын урматына күнөөлөрүмдү кечире көр, мага Бейишиңди ихсан кыла көр”, - деп дуба кылчу. Намаздарын жана ушул дубаны такыр калтырчу эмес. Бул өзгөчөлүгү анын кутулуусуна себеп болду.

Ибадаттардын баарын өзүнө камтыган жана адамды Аллаху таалага эң көп жакындаткан нерсе – намаз. Намаз окуу Аллаху тааланын хузуруна чыгуу болуп саналат. Намазда Аллаху тааланын хузурунда экенибизди билип окуубуз керек. Намаздын эмне экенин билип туруп окуубуз керек!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш