Динибизде
Курани каримден кийин эң кадырлуу китеп Сахих-и Бухари болуп
саналат. Имам Бухари хазреттери абдан дыкат киши болчу, бир хадис сахих болсо
дагы кымындай бир күмөн болсо аны китебине алчу эмес. Бир топ сахаба заттар
менен көрүшкөн бир киши тууралуу айтылды. Ар дайым болгону сыяктуу узун
жолчулуктан кийин айтылган кишини тапты. Ал кишинин бошоп кеткен төөсүн ичи бош
кап менен алдап, кармоого аракет кылып жатканына күбө болду. Ошол бойдон эч
нерсе сурабай кайтып кетти. Эмне себептен хадис албаганы тууралуу
сурагандарга: "Туура сүйлөсө дагы төөсүн алдоого аракет кылган
адамдын накыл кылган хадисин китебиме албаймын”, - деп жооп берди.