Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Эмнеңе ишенип текебердик кыласың?




Эмнеңе ишенип текебердик кыласың?


Байазид-и Бистами хазреттери бир күнү жаңы таза ак кийимдерин кийип, тар бир көчөдөн мечитке кетип баратканда жолдун ортосунда жаткан бир итке туш келет. Көчө ушунчалык тар болгондуктан эки киши жанаша араң өтчү. Бул зат төрт мазхабдын тең шарттарын сактачу. Шафии мазхабында ит нажис болгондуктан ит силкингенде үстүндөгү суу үстүмө тийбесин деп этектерин түйүп, итке тийбей жанынан өтүп кетүүгө аракет кылат. Ит тилге кирип мындай дейт:

"Эй, Байазид! Сен өзүңдү ким деп ойлоп жатасың! Мени жийиркенердик ит кылып жараткан да, сени Байазид-и Бистами кылып жараткан да бир Аллах. Мени жийиркенердик бир ит кылып жараткан Раббим мени Байазид, сени да жийиркенердик бир ит кылып жаратышы мүмкүн эле. Эмнеңе ишенип текебердик кыласың?”

Байазид хазреттери болсо кылган ишине абдан өкүнөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш