Бир киши
толкунданып жана кайгыланып Жафар Садык хазреттеринин алдына келип мындай дейт:
- Сизден аябай суранамын устаз, Аллах мага дагы
көбүрөөк ырыскы бериши үчүн дуба кылсаңыз, себеби, абдан кедеймин!
- Жок, мен сага дуба кылбайм.
- Эмнеге?
- Анткени, Аллаху таала бул иш үчүн бир жол
дайындаган; себептерге жармашкыла, ырыскынын артынан чуркагыла жана ага ээ
болгула деп буйрук кылууда. Сен болсо үйүңдө отуруп алып, дуба кылуу менен
ырыскыңдын бутуңдун астына келүүсүн каалап жатасың. Б.а., адат-и илахиге
(Аллаху тааланын адатына) каршы чыгуумду каалап жатасың, мындай нерсе болмок
беле? Бар, себептерге жармаш, себептердин таасир этүүсүн Аллаху тааладан тиле!
Ошондо гана мен дагы бул үчүн сага дуба кыламын.