Бир киши уулуна: «Сенден эки суранычым бар:
биринчиси – мен өлгөндө бир бутума эски байпагымды кийгизүүнү унутта калтырба.
Экинчиси болсо – мына бул оозу жабык катты мени көмгөнгө чейин ачпа, көмгөндөн
кийин ачып оку», - деп осуят керээзин айтат.
Мезгили келип, атасы көз жумат. Кепендеп
жатышканда уулу атасынын керээзин эстеп: «Атама сөзсүз эски бир байпак
кийгизүүбүз керек», - дейт. Имам: «Болбойт, динибизде өлгөн адам кепенден башка
нерсе менен бирге көмүлбөйт», - дейт. Баласы канчалык көндүргөнгө аракет кылат,
бирок, эч майнап чыкпайт. Көмүү иштери бүткөндөн кийин уулу атасы калтырган
оозу жабык катты ачып окуй баштады:
«Уулум! Көрдүң го, ошончолук малы-мүлкүм болсо
дагы жада калса эски бир байпагымды дагы бирге алып кете алган жокмун. Албетте,
бир күнү сен дагы мен сыяктуу өлөсүң. Сага дагы бир нече метр кепенден башка
бир нерсе беришпейт. Сага калтырган мал-мүлкүмдү сарптай турчу жерлериңди
жакшылап танда, Аллаху таала жактырган жерлерге сарпта. Беш убак намазыңды жана
калган ибадаттарыңды аксатып, кечиктирип койбогун. Динде кандай билдирилген
болсо ошондой так, туура аткар. Себеби, сен кабырга амалыңан башка нерсе алып
бара албайсың.»