Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Акимдин үч кемчилиги




Акимдин үч кемчилиги


Хазрети Омар халифа болуп турганда Хумус жергесинин алдыңкы кишилерине бир кат жазып, тегеректеги кедейлердин ага кабарлануусун жана жардам бере тургандыгын билдирди. Хумус тургундары Шам жана анын төгөрөгүндө жашаган кедейлердин тизмесин Халифа Хазрети Омарга сунушту. Хазрети Омар келген тизмени ачып караганда тизменин башында казы кылып дайындаган Саад бин Амирдин атын көрүп, бул тизмени алып келгендерден акимдин материалдык ал ахывалын сурады. Алар: «Акимибиз чыны менен абдан кедей. Колуна тийгенин кедей-кембагалдарга таратып, паракорлуктан коркуп, биздин кымындай белегибизди да кабыл кылбайт», - дешти.

Хазрети Омар сурады:

- Аллахтан ушунчалык корккон акимиңердин силерге жакпаган тарабы барбы?

«Ооба» дешип кемчиликтерин атай башташты:

1- Ишин таңкы намаздан кийин баштоосу керек, бирок, ал күн чыккандан кийин баштайт.

2- Үйүнө кирип алып арабызга аралашпайт.

3- Аптада бир күн үйүнөн сыртка дагы чыкпайт. Эшигин ичинен илип алат.

Хазрети Омар аларга бир канча азык жана кийим-кече берип жиберет. Аким Саад бин Амирди болсо булардын себебин сураш үчүн алдына чакырат.

Аким Хазрети Омардын алдына келгенде жагдайын айтып берди:

Биринчи кемчилигим: Үй-бүлөм оорукчан болгондуктан үйдүн бардык ишин жеке өзүм бүтүрөм, ушул себептен улам жумушума күн чыкканда гана бара алуудамын.

Экинчи кемчилигим: Шам болгондо күн бою кылган иштеримдин эсебин чыгарып, кылган иштеримде кемчилик болдубу же жокпу деп ошону текшерем.

Үчүнчүсү: Үстүмдө кийген кийимимен башка кийимим жок. Аптада бир жолу күндүз кийген кийимдеримди жууп, тазалык иштерим менен алек болом. Жада калса, үй ичинде дагы үстүмө кийе турчу кийимим болбогондуктан жууган кийимдерим курганганга чейин эч кимди кабылдай албайм. 

Саад бин Амирдин бул жоопторуна Хазрети Омар абдан ыраазы болуп, ошондон кийин Саадды эстеген сайын «Ээх, Саад! Аллахтан коркуу сенин даражаңды кандай гана бийиктеткен» деп аны менен сыймыктанчу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш