Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Машита айымдын ыйманы




Машита айымдын ыйманы


Фараондун казына иштерин караган вазири жана бул вазирдин Машита аттуу бир жубайы бар эле. Фараондун кызына кызмат кылчу. Өзү Муса алейхиссаламдын динине ишенчү, бирок, муну жашырып, ибадаттарын да жашыруун орундачу.

Машита айым бир күнү мончодо Фараондун кызынын чачын тарап жатканда тарагы жерге түшөт. Таракты жерден алып жатып байкабай Бисмиллах айтуу менен алат. Фараондун кызы бул сөзгө ачууланып мындай деди:

- Эй, кызматчы! Бул кандай сөз. Менин атамдан башка теңир барбы? Атамдын атын эмес башка бирөөнүн атын эмне үчүн айтасың?

- Ооба, балам, Аллах бар. Асман-жерди жана анын ичиндегилерди жоктон бар кылган, сени-мени, атаңды жана бардык макулуктарды жараткан бир Аллах бар.

Фараондун кызы бул сөздөрүнө ого бетер ачууланып айтты:

- Сени атама айтып барам. Өз оозуң менен тапкан жазаңды тартасың!

Укканын атасына айтып барат. Фараон Машита айымга айтат:

- Сен менден башка теңирге ишенет экенсиң. Айтчы, менден башка жер жүзүндө теңир барбы?

- Эй, Фараон, сен өзүң дагы билесиң, сен илах эмессиң, алсыз бир кулсуң. Сени дагы жараткан – Аллах. Сен өткүнчүсүң, жок болосуң. Бирок, Аллах түбөлүктүү. Өткүнчү эмес. Муса алейхиссалам болсо Анын Пайгамбары.

Бул сөздөргө катуу ачууланган Фараон аны дароо өлтүрбөстөн ар күнү бир дене мүчөсүн кесип, башкаларга сабак болуусун каалайт. Алгач тырмактарын сууртат. Чачынан чатырга асылат. Камчы менен денесинен кан чыкканга чейин сабалат. Буларга карабай дининен эч кайтпаганын көргөндө Фараондун өчү күндөн күнгө күчөп, Машита айымды бир бакка байлатат. Бири 5 жаштагы, экинчиси 5 айлык болгон эки наристе кызынын улуусун маңдайына алдырып келип мындай деди:

- Эй, Машита, мени теңир деп кабыл кыла турган болсоң сени эркиндикке чыгарам.

Машита кызынын жалооруган абалын, бир тараптан Фараондун абалын карады. Кийин:

- Мен бир гана жалгыз болгон Аллахка ишенемин, - деди.

Фараон колуна алган бычак менен 5 жаштагы наристенин кекиртегин энесинин көз алдында кести. Канын болсо Машитанын оозуна, бетине сүрттүрдү. Кийин кайра жаалы чыгып сурады:

- Айт, менден башка теңир барбы?

- Аллах бир, Аллахтан башка илах жок.

Бул жолу Фараон 5 айлык оролгон наристени алып келүүлөрүн буйрук берди. Алып келинген наристени энесине жакындатышканда сааттар бою сүт эмбей калган бала эмчек издей баштады.

Машита айым биринчи наристесинин көргөн акыбетин ойлоду. Экинчи наристесинин дагы жырткычтык менен союлуусуна эне катары чыдап тура алмак эмес, акыры чечимин чыгарды. Фараонго «Раббим сенсиң» деп айтып, бирок, көңүлүндө ишенбей турган болду. Дал «Раббим сенсиң» дей турчу кезинде ымыркай наристе тилге келип мындай деди:
-Жок, апа, жок! Сабыр кыл! Раббим сенсиң дебегин! Ыйманыңан эч кайтпа. Фараонго ишенбе! Мен үчүн, эжем үчүн, сен үчүн Аллахтын Жаннатта даярдаган ордубузду көрүп турам. Ал орунда сага кызмат кылуу үчүн айланчыктап тегеренип жүргөн хурилерди көрүп жатам.

Фараон жана ошол жерде карап тургандар бул сөздү угушту. Тообо кылуунун ордуна ого бетер ачууланган Фараон 5 айлык наристени дагы дароо кекиртегин кестирди. Бирок, бул жолу Машита айым ыйлабастан, күлүмсүрөп жаткан эле. Кызы көргөндөрдү эми ал дагы көрүп жаткан эле. Өлүмүнүн дароо келүүсүн арзуулап жатты. Фараон күйөөсү менен Машита айымды жана наристесин кайнаган казандын ичине ыргыттырды. Бирок, ошондо да өчү тараган жок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш