Чыныгы достор


Атактуу хадис аалымдарынан Вакиди «рахметуллахи алейх» айтып берет: «Бир кездерде акчасыз калып, абдан карызга баткан элем. Айт майрамы дагы жакындаган эле. Аялым арызданган үн менен: «Бизди кой, жокчулукка эптеп сабыр кылабыз, бирок, мына бул балдарыбыздын абалы кандай болот? Алар кошуналардын балдарын жаңы, кымбат кийимдер менен жүрүшкөнүн көрүшөт. Биздин балдардын болсо эскиси жеткен, жыртык кийимдери гана калды. Булардын кийимдерин камсыз кылгыдай каражат издештирсеңиз», - деди.

Ошол абалда Хашими деген досума барып, абалымды айтып, жардамдашуусун сурадым. Ал мага миң дирхам (күмүш акча) салынган, оозуна мөөр басылган бир капчык берди. Ал жерден чыгып келе жатканымда башка бир досум менен кезиктим. Ал дагы мага өтө зарыл акча керек болуп тургандыгын айтты. Мен колумдагы мөөр басылган капчыкты ага бердим. Аялыман уялганыман ал түндү мечитте өткөрдүм. Таң эрте үйгө барып болуп өткөн окуяны айтканымда аялым менин бул ишимди жакшы кабыл кылды. Мени уялтпады. Мен ушундай чарасыз абалда отурганымда досум Хашими жана мөөр басылган кесе менен чыга келди. «Чыныңды айтчы, мен сага берген акча менен эмне кылган элең?» - деди. Мен болсо башыман өткөндөрдү айтып бердим. Ошондо ал мага: «Сен менден жардам сурап келгениңде сага берген мына бул акчамдан башка эч нерсем жок эле. Өзүмдүн дагы муктаждыктарым бар эле. Сен кеткенден кийин карызга акча табуу үчүн сыртка чыктым. Бираз жүргөн соң досум менен кезиктим, ага жагдайымды айтканымда ал дагы мага мөөр басылган капчыгын берди. Көрсө ага бул акчалардын сен берген экенсиң.» Ушундайча акчалар эч сарпталбастан үч колдо айланып баштапкы ээсине кайра келген болот.

Вакиди (рахметуллахи алейх) мындай деп улантты: «Бул болгон окуя Халифа Мамнунга жеткенде мени чакыртып, окуяны сурады. Мен болгондорду айтып бергенимде мен үчүн жети миң динар айлык берилүүсүн буйрук кылды. Ар бирибиз үчүн эки миң динардан жана биздин аял үчүн миң динардан айлык жазды.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш