Маруф Керхи (рахметуллахи алейх) хазреттери баян
кылат:
Багдатта бир адам базарга барып балык алат. Ошол
маалда бир кичине бала жакын келип: «Байке бериңиз мага, мен көтөрүп алып
барайын», - дейт. Бирге үйүнө карай жолго чыгышат. Жолдо кетип баратышкандай
асыр намазынын азаны окулганда жаш бала: «Биринчи намазыбызды окуп алалы», -
деп бирге намаз окушту. Кийин үйгө келишти, аялына: «Бул жаш бала балыктарды
көтөргүсү келди, мен да ага макул болуп, үйгө чоогу келдик», - деди. Аялы:
«Балким бул бала балык жегиси келгендир, азыр бышыра калайын, бирге жегиле», -
деди. Бала кайра кетейин дегенде балык бышса жеп алып кийин кетүүсүн айтышты.
Бала болсо орозолуу экендигин айтты. Ошондо: «Андай болсо күтө тур, ифтарды
биздикинде жейли», - дешти. Кеч болгондо бирге ифтар кылышты. Бирге куптан
намазын окуш үчүн кайра мечитке барышты. Мечиттен кайтып келип: «Бул түнү
биздикинде түнө», - дешти жаш балага. Жаш бала да муну кабыл кылып бир бөлмөсүнө
жаткырышты. Экинчи бөлмөдө өздөрү жатышкан эле. Дагы бир башка бөлмөдө
колу-буту шал болгон кызы жаткан эле. Түн ортосу уйку маалында эшигин бирөө
тыкылдатты. «Ким бул?» - дегенде, «Ата менмин» деген кызынын үнүн угуп дароо
эшикти ачты. «Бул жерге чейин кантип келдиң кызым?» - дешти, себеби, шал болуп
жаткан кызынын өзү туруп басып келүүсү мүмкүн эмес эле. Кызы: «Йа, Рабби,
биздин үйдөгү бул коногубуздун урматына мага шыпаа бер» деп дуба кылдым. Аллаху
таала мени дароо сакайтып бутка тургузду. Өзүм баса баштадым, ошентип, келген
коногубузга рахматымды айтайын дедим. Бирок, карасам кетип калган экен», -
деди.
Кыздын атасы бул таң каларлык окуяны Маруф Керхи
хазреттерине айтып бергенден кийин: «Мындай кичине балдардан дагы олуя чыгабы?»
- деп сурады. Ал мубарек зат: «Ооба, олуянын чоңу да, кичинеси да болот», - деп
жооп берди.