Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Ыйман жана уят




Ыйман жана уят


Жабраил алейхиссалам акыл, уят жана ыйманды Адам алейхиссаламга алып келип мындай деди: «Эй, Адам! Аллаху таала сага саламын айтты. Алып келген бул үч сыйлыктын бирин кабыл алууңду буюрду.» Адам алейхиссалам: «Алып келген үч сыйлыктын ичинен акылды кабыл алдым», - деди.

Жабраил алейхиссалам ыйман менен уятка карап: «Силер бара берсеңер болот», - деди. Анда Ыйман ага: «Аллаху таала мага: «Акыл кайда калса, сен да ошол жакта кал», - деп буйрук кылган. Ошондуктан, мен акылдан айрылып кете албаймын! Уят болсо: «Аллаху таала мага да дал ушундай буйрук кылган. Мен да акылдан айрылып кете албаймын!»

Аллаху таала кимге акыл берсе, уят менен ыйман бирге болот. Акылы болбогон адамдын уяты да, ыйманы да болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш