Пайгамбарыбыздын
"саллаллаху алейхи васаллам” заманында сахабалардын бирөөсү
Пайгамбарыбызга келип: "Тапканымдын көптүгүнө карабай турмуш оорчулугун
тартуудамын”, - деп ал аыбалын
айтты. Пайгамбарыбыз: "Үйүңдө
намаз окубаган адам барбы?” - деп
сурады. Ал: "Жок, үйдө
баарыбыз намаз окуйбуз, намаз окубаган адам жок”, - деп жооп берди. Пайгамбарыбыз: "Коңшуларыңан
же көчөдөгүлөрүңөн намаз окубаганы барбы?” - деп сурады. Сахаба: "Коңшуларыбызда да
көчөбүздө да намаз окубаган адам жок”, - дегенде, Пайгамбарыбыз: "Бир
сураштырып көр, көчөңөрдөн намаз окубаган бирөө өткөн бекен?” - деп
сурады. Кайтып келген сахаба: "Сураштырдык, көчөдөн намаз окубаган эч ким
өтпөгөн экен”, - деди.
Пайгамбарыбыз: "Бул берекесиздик намаз окубагандан чыгууда”, - дегенде сахаба кайрадан
сураштырып: "Йа, Расулаллах, намаз окубаган бирөөнүн жаназасы өтүп бара
жатып табыты биздин үйдүн дубалын чийип кеткен экен”, - деди. Буга
Пайгамбарыбыз: "Мына, үйүңдөгү берекесиздиктин себеби ушул, ал дубалды тез арада бузуп кайра
тургузгула!” - деп буюрду.