Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Сенин диниң хак дин




Сенин диниң хак дин


Конок тосууну өтө жакшы көргөн Ибрахим пайгамбарга бир апта бою эч ким келбейт. Айланадан конок издейт. Акыры кырдан ак сакалдуу кары адамды көрөт. Карыянын абалын сурайт.

Эй, жолоочу! Жүр, бүгүн тамакты биздикинен жейли, - дейт.

Ибрахим пайгамбар менен анын адамдары ал карыяны жылуу жүз менен тосуп алышты. Тамак жээрде бардыгы "бисмиллах” дешет, бирок, ал карыя айтпайт. Ошондо Ибрахим пайгамбар: «Эй, көп жашаган карыя. Кары адамдар динине бекем болот. Тамактанар алдында Хак тааланын ысымын айтуу керек эмеспи?» – дейт. Анда карыя: «Отко сыйынган пиримдин мындай сөз айтканын уккан эмесмин», - дейт.

Ибрахим пайгамбар эмне кылаарын билбей ойлоно баштайт. Аллахка ишенбеген адамга тамак берүү туурабы?..

Акырында мындай адам менен бир дасторкондо отуруу жакшы эмес деп чечет. Бул кезде карыя да туруп кетет. Ушул учурда Аллаху таала Жабраил алейхиссаламды Ибрахим пайгамбарга жиберди.

Ибрахим пайгамбар дароо карыянын артынан жүгүрүп барып:

- Кайрадан дасторконго келиңиз. Кылган ишимди кечириниз, - дейт.

- Эмнеге кечирим сурайсың? – дейт карыя.

- Бул кылганыма байланыштуу Аллаху таала мага вахий жиберип, айыптады.

Карыяга бул катуу таасир берди. Ал: «Кандай улуу Кудай! Мен сыяктуу өзүнө 100 жыл бою каршы болгон адам үчүн пайгамбарына эскертүү кылат. Бул кандай жакшы дин. Эй, Ибрахим! Мен да сенин диниңе киргим келет», - деп, мусулманчылыкты кабыл кылды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш