Тирилген өлүк


Муса алейхиссаламдын заманында Бани Исраил коомунан бир жигит өзүнөн башка мураскору болбосо да малына ачкөздүк кылып атасынын бай агасын өлтүрөт. Өлүгүн жашырынып барып коңшу айылга таштап кетет.

Эртеси байдын айылдаштары Муса алейхиссаламга барып, байды коңшу айылдыктар өлтүргөнүн айтышат. Алар өлтүрбөгөнүн айтканда, Аллаху таала Муса алейхиссаламга бир уй союп, бир бөлүгү менен өлгөн адамды урса, өлүк тирилип ким өлтүргөндүгүн айта тургандыгын билдирди.

Эл Хазрети Мусадан союлуучу уйдун кандай сыпатта болуусу керек экендигин сурашат. Ал билдирди. Баасы үч алтын болгону менен, айтылган сыпаттагы жалгыз уй болгондуктан териси толгон алтын берип бул уйду сатып алып союшат.

Союлган уйдун бир бөлүгү менен өлүктү урганда өлүк тирилип: "Мени өлтүргөн киши - инимдин баласы”, - деп айтып кайрадан өлөт. Эл өлтүргөн жигитти кармап өлтүрүшөт. Ушундайча, эки айыл арасындагы жаңжал токтойт.

Бул окуя Курани каримде Бакара сүрөсүнүн 67-73-аяттарында билдирилген. Акыркы аяттын уландысында: "Мына, Аллах өлүүлөрдү ушундай тирилтет. Ойлонуп, чындыкты түшүнүүңөр үчүн силерге көрсөтөт”, - деп айтылган.

Фараондор доорунда Мысырда уй ыйык деп саналган жаныбар эле. Азыркы Индиядагы сыяктуу алар да уйга сыйынышчу. Аллахтан башка нерселерге сыйынууга болбой тургандыгын көрсөтүү жана ушундай ката ишенимдерди жойуу максаты менен Бани Исраил коомуна ушул мужиза көрсөтүлгөн.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш