Пайгамбарыбыз жашап турган кезде Шам (Дамаск)
шаарында бир яхуди дин адамы бар эле. Бир күнү Тооратты окуп отуруп 4чү бетте
Пайгамбарыбыздын ысымын кезиктирет. Ал Ислам динине душман болчу. Өчөшкөндүк
менен бул беттерди жыртып таштайт.
Экинчи күнү Тооратты окууга киришкен кезде 8чи
беттен дагы Пайгамбарыбыздын ысымын окуйт. Ал беттерди да жыртып таштайт.
Үчүнчү күнү дагы 20чы бетте Пайгамбарыбыздын
ысымын кезиктирет. Бул жолу ойлонот. Өзүнө-өзү: "Анын ысымы кезиккен
бардык беттерди жырта бере турган болсом китеп жыртылып жок болот. Мында бир
акылмандык болуу керек, -
дейт.
Ал кезде Пайгамбарыбыздын Ислам динин үйрөтүп
жаткан кабары анын элине чейин жеткен эле. Узак сапар тартып, Мадинага барды.
Бирок, Пайгамбарыбыздын кайтыш болгонуна 4 күн болгон эле. Дин адамы муну
укканда ыйлай баштайт. Ошондо Хазрети Али сурады:
- Эй жолоочу. Сен кимсин: Эмнеге ыйлап жатасың?
- Мен яхуди дин адамымын. Шамдан келдим.
- Тоораттан Пайгамбарыбыздын ысымын көргөндө
барактарын жырткан сенсиңби?
- Ооба, аны кайдан билесиң?
- Сенин келе турганыңды Пайгамбарыбыз айткан
болчу.
Бул сөздөрдөн кийин дин адамынын Ислам динине эч
кандай күмөнү калбады. Калимаи тавхид айтып ошол жерде мусулмандыкты кабылдады.