Пайгамбарыбыз менен Хазрети Абу Бакр Хижрат
кезинде тоодогу үңкүрдө үч күн болду. Абу Бакр Сыддык катуу суусаганын айтканда
Пайгамбарыбыз ага мындай деди:
- Абу Бакр! Сыртка чык, агып жатан өзөндөн
каалаганыңча ич!
- Хазрети Абу Бакр сыртка чыкканында таң калды.
Кардан муздак жана аппак, балдан таттуу жана жыпар жыттүү бир өзөндүн агып
турганын көрдү.
Суусунун кандыра ичип, кийин Пайгамбарыбыздан
сурайт:
- Йа, Расулаллах, бул тоонун башында агып турган
кандай жандуу суу, мындайды али эч ким көрбөгөн?
Пайгамбарыбыз ага:
- Аллаху таала Жаннат өзөдөрүнө жооптуу болгон
периштеге сен үчүн Фирдаус жаннатынан ушул уңкүрдүн алдына бир өзөн агызуусун
буйрук кылды.
Хазрети Абу Бакр ыйлап:
- Ата-энем сен үчүн курман болсун! Абу Бакрдын
Аллаху таала алдында ушунчалык кадыры бар беле, ал үчүн суу жиберерлик?
- Хак таала алдында кадырың өтө жогору. Мени
Пайгамбар кылып жиберген Аллахка ант кылып айтамын сага душмандык кылгандар
жетимиш жылдык жакшылыктары болсо да Жаннатка кире албайт.