Муса алейхиссалам Аллаху тааладан мындай деп
сурады:
- Йа, Раббым! Адамдар берген ниматтарыңдын шүгүрүн
канткенде орундаган болот?
Аллаху таала мындай деди:
"Эй Муса! Бир адам өзүнө берген
ниматтарымды менден деп билип, өзүнөн деп билбесе, ниматымдын шүгүрүн орундаган
болот. Бир кулум ырыскыларын өзүнүн кылган эмгектерим деп билип, менден деп
билбесе ниматтардын шүгүрүн орундабаган болот.”
Аллаху таала хадиси кудсиде мындай деген:
"Адамдарды жана жиндерди мен
жараттым. А алар башкага ибадат кылып сыйынууда. Ырыскыларын мен берүүдөмүн, а
алар башкага шүгүр кылууда!”
Давуд алейхиссалам Аллаху таалага кайрылып сурады:
- Йа, Раббым! Адам алейхиссаламга өтө көп
зыяпатАллаху таала ага мындай деди: "Эй Давуд! Ал бүткүл
зыяпаттарымды мен тараптан келип жатканын билди. Анын мындай кылуусун анын
шүгүр катары кабылдадым!”
Давуд алейхиссалам:
- Йа, Раббым! Ниматыңдын шүгүрүн кандай
орундаймын? Анткени, шүгүрдү орундоонун өзү да сенден келүүчү нимат.
Аллаху таала мындай деди:
"Эй, Давуд! Сен азыр шүгүр кылдың. Өз
алсыздыгыңды ниматтын шүгүрү деп билдиң.”