Намруд деген заалым падыша Ибрахим алейхиссаламды
отко таштаган кезде бардык периштелер, жаныбарлар жана канаттуулар ыйлашат.
Анын тегерегине жыйналып Ибрахим алейхиссаламга жардам берүүнүн айласын издей
башташат. Булардын ичинде булбулдун кичине балапаны да бар эле. Ал өзүн отко
таштайын деп турган кезде Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга буйрук кылып
мындай деди:
- Аны кармап, кандай тилеги бар экенин сура.
Жабраил алейхиссалам булбулду кармап, эмне тилеги
бар экендигин сурайт.
- Халилуллахты отко таштап жатат. Аны куткаруу
колуман келбестигин билип турам. Эч болбосо аны менен бирге отко күйөйүн.
Жабраил алейхиссалам булбулдун жообун Аллаху
таалага айтканда мындай деди:
- Анын менден кандай тилеги бар?
Ошондо ал булбул тилегин мындай билдирет:
- Менин дүйнөдө Аллаху тааланы зикир кылуудан (эске
алуудан) башка тилегим жок. Миң бир ысымы бар деп уккамын. Жүз бир ысымын
билемин. Тогуз жүз ысымын дагы билгим келет.
Хак таала булбулдун тилегин кабыл кылды. Азыр гүл
бакчаларда сайрап жүргөн булбул Хак тааланын ысымын айтууда.
Намруддун оту Ибрахим алейхиссаламга гүл бакчага
айланганда булбул келип гүл бутагына конуп сайрай баштады. Ошондон тарта
кыяматка чейин гүл бутагына ашык болду.