Сахабалардан Дыхйа-и Калби хазреттери өтө сулуу
болгон. Ар сапарынан кайткан кезде Пайгамбарыбыздын ыйык неберелери Хазрети
Хасан менен Хусейинге белек ала келип, аларды сүйүнтчү эле.
Жабраил алейхиссалам Расулуллахка көбүнчө мына
ушул сахабанын анын келбетинде келе турган. Дагы бир күнү анын келбетинде
келгенде Хазрети Хасан менен Хазрети Хусейин аны Дыхйа келди деп кубанып,
чөнтөктөрүнө колдорун салып, эч нерсе таба алышпады. Расулуллах ага мындай
деди.
- Эй, Жабраил боордошум! Неберелеримдин бул
кылыктарын адепсиздик деп ойлобо! Алар сени Дыхйа экен деп ойлоп калышты. Дыхйа
келген сайын бул неберелериме белек ала келер эле. Буларды ошого үйрөтүп
койгон.
Жабраил алейхиссалам муну укканда катуу капаланды.
«Дыхйа булардын жанына келгенде куру кол келбеген болсо мен кантип куру кол
келемин», - деп, Бейиштин жемиштеринен бир салкым жүзүм менен бир анар алып
келип балдарга берди. Балдар белектерин алып мечиттин бир четине барып мына
жейли деп отурушканда мечиттин эшигине колуна таяк таянган, үстү-башы чаң
баскан, кары, ак сакалдуу бирөө келип:
- Эй, балдар, ачкамын, жегенге бир нерсе
бергилечи, - деди.
Хазрети Хасан менен Хазрети Хусейин колдорундагы
жемиштерди ага бермекчи болушканда Жабраил алейхиссалам ордунан туруп:
- Бербегиле ал лаанаттууга! Ал шайтан. Бейиштин
ниматтары ага харам кылынган, – деди.
Анан: "Жогол бул жерден!” - деп шайтанды кууп
жиберди.