Бир күнү Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи
васаллам) бир уруунун башчысы келет. Кайтаарында: "Мырзам, мага бир насаат
айтыңыз!” - деп өтүнөт.
Пайгамбарыбыз алейхиссалам ага: "Абайла,
ачууланба!” - деди.
Уруунун көсөмү бул кыска гана насыятка таң калып,
айылына карай жөнөйт. Айылына келсе, айыл тургундарынын куралданып жатканын
байкайт. Алардан тынчсызданып сурайт:
- Тынччылыкпы, эмне болуп кетти?
- Биздин жаштарыбыз коңшу уруунун бир нече малын
уурдап алышыптыр. Алардын куралданып бизге келе турганын ойлоп, коргонуу үчүн
даярданып жатабыз, - дешет.
- Демек, бизге чабуул жасамакчыбы! – деп
каарданып, уруу башчысы да куралданды. Дал ошол убакта Пайгамбарыбыздын
алейхиссалам айткан насыяты эсине түштү.
Дароо тообо кылып, курал-жарактарын таштап, элге
мындай деди:
- Мен алгач коңшу урууга барып сүйлөшөйүн, мындан
эч нерсе жоготпойбуз.
Коңшу айылга жакындаганда ал айылдын тургундары
таң калышып, аны уруу башчысынын жанына алып барышат. Уруу башчысы менен
саламдашып мындай дейт:
- Биздин жаштарыбыз силердин малыңарга зыян
келтириптир. Каталык бизде. Бардык чыгымдарды мен төлөймүн. Мунун кесиринен кан
төгүлбөөсү керек.
Тигил башчы бул кең пейилдикке абдан ыраазы болуп:
- Андай болсо мен да бардык тарткан зыяндарыбызды
кечтим, - деди.
Ушундайча кан төгүлбөй, араларында ынтымак пайда
болду.