Күнөөгө бир тообо жетет, таатка (ибадаттарга) миң
тообо жетпейт. Күнөө кылган адам тообо кылса Аллах кечирет. Бирок, ибадат
кылган адамдын ужбка (өзүн жакшы көрүүгө), кибирге (текебердикке) чалдыгып
калуусу мүмкүн. Буга миң тообо да жетиштүү эмес. Исраил уулдарынан бир фасык
(күнөөкөр адам) бар эле. Бир абид (көп ибадат кылуучу адам) да
ибадаты менен таанылган эле. Фасык ал абиддин жанынан өтүп баратып: "Барып бул абиддин жанына
отурайын, балким Аллаху таала анын урматына мени да кечирер”, - деп ойлоду.
Барып абиддин жанына отурду. Абид болсо үстүндө бир булут дайым көлөкө салып
турган адам болгондуктан текеберленип: "Бул фасык мени менен отура
албайт”, - деп, андан бетин бурду. Абдан кыжалат болгон фасык киши анын жанынан
кетип калды. Бирок, абиддин үстүндөгү булут фасык менен бирге кетти. Аллаху
таала ошол доорунун Пайгамбарына: "Адамдардын ниеттерине карай мамиле кыламын. Фасыктын
күнөөлөрүн анын жакшы ниетине байланыштуу кечирдим. Абиддин ибадаттарын болсо
текебердигинен улам жок кылдым”, - деп кабар берди.