Дин улуктары
менен бирге болуш үчүн аларды чын ыклас менен сүйүү жетиштүү. Бирок, эч бир
ибадат кылбаган жана эч бир күнөөдөн сактанбаган адам дин улууларын эч качан
сүйө албайт. Сүйгөн адам сүйүктүүсүнө баш ийет. Алар сыяктуу боло албайбыз,
бирок, колубуздан келгенин кылуубуз шарт. Диндин буйрук жана тыюу салган
нерселерине моюн сунбастан бир гана «сүйөм» деп айтуу жалган болот. Себеби,
анын көңүлүндө гаухар жок. Сүйүү жогорудан келет. Улуулар аны сүйбөсө, ал адам
улууларды сүйө албайт.
Асхабы
кирамдан биринин өтө кайгырып турганын көргөн Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам” сурады:
- Мынча
эмнеге кайгырып жатасың?
Ал адам:
- Йа,
Расулаллах, сиздин айткандарыңызды толук аткара албай жатабыз, абалыбыз кандай
болот.
Ушундайча
кайгы азап ичинде турганда Пайгамбарыбыз ошол жерде бир сүйүнчүнү билдирет:
"Эль
меру меа мен эхаббе.”
Сен
кайгырба, бул жерде кимди сүйсөң акыретте аны менен бирге болосуң, - деди.
Демек, ким экендигибиз эмес кимди сүйгөндүгүбүз
маанилүү.