Чоң олуялардан болгон Баязид Бистами хазреттери
бир күнү жиндикананын жанынан өтүп баратып бир кызматчынын токмок менен бир
нерселерди токмоктоп жатканын көрүп андан сурайт:
- Эмне кылып жатасың?
- Бул жер жиндикана, жиндилерге дары жасап жатам.
- Менин дартыма дагы бир дары барбы?
- Сенин кандай дартың бар?
- Менин дартым - күнөө, көп күнөө кылам.
- Мен күнөө дартын дарылоону билбейм, мен
жиндилерге дары жасайм.
Дегиче болбой ары жакта турган бир жинди Баязид
Бистами хазреттерин өзүнө чакырып айтат:
- Кел, сенин дартыңа мен бир дары айтайын.
- Канакей, айтчы, менин дартыма даба болчу дары
кайсы?
- «Тообо» деген тамырды «Истигфар» деген жалбырак
менен аралаштырып, «Көңүл» деген сокунун ичинде токмок менен жакшылап жанчасың.
Кийин «Ынсап» деген электен өткөр, көз жашың менен жууруп, ашыктык деген
тандырдын ичинде бышыр. Эртең менен кечинде көп же, ошондо көрөсүң сенин бул
дартың жок болот, - деди.
- Аттиң, дүнүйө, аттиң! Демек, сени дагы жинди деп
бул жерге алып келишкен тура! – деп улуу олуя дарттын дабасын угуп кетти.