Сехл бин Абдуллах Тустери хазреттери «рахметуллахи
таала алейх» мындай дейт:
Дин улуктарынан бир зат алтымыш жылдык өмүрүн
эсепке салып отурган эле. Өмүрү толугу менен жыйырма бир миң беш жүз күн болгон
экен.
Өзү өзүнө:
«Ааах! Ар күнү аз дегенде бир күнөө кылган болсом
жыйырма бир миң беш жүз күнөөдөн кантип кутулам. Эми кантем, менин атүгүл
ошондой күндөрүм болгон, бир эмес жүздөгөн күнөө кылгам», - дейт.
Ошентип, чоң өкүнүч жана тообо менен жыгылды.
Элдер келип караган кезде Аллаху таалага жанын тапшырган эле.