Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Мажусинин (отко сыйынуучунун) арызы




Мажусинин (отко сыйынуучунун) арызы


Хазрети Омар халифа кезинде чыгыш майдандын кол башчысы болгон Хазрети Саад бин Аби Ваккас Куфа шаарында бир имарат тургузмакчы болот. Курулуш боло турган жерге катар турган мажусинин үйүн да сатып алыш керек болот. Мажуси үйүн саткысы келбейт. Үйүнө барып аялы менен кеңешет. Аялы: "Булардын Мадинада бир амири бар, ошого барып арыздан, - дейт. Мадинага келип Халифанын ак сарайын издейт. Сураштырып жүргөндө адамдар: "Анын сарайы жок”, - дешет. "Ал өзү азыр кайда?” – деп сураганда: "Шаар сыртына кеткен”, - деп айтышат.

Издеп барат. Эч жерден аскерлер, сакчылар көрүнбөйт. Топурак үстүндө уктап жаткан адамды көрүп, андан: "Халифа Омарды көрдүңбү?” - дейт. Бул адам Хазрети Омар эле. "Аны кандай максат менен издеп жүрөсүң?” - деп сурайт. Ошондо мажуси: "Анын кол башчысы менин үйүмдү кыйнап тартып алмакчы болууда. Ошол үчүн арызданганы келдим”, - деп жооп берет.

Хазрети Омар мажусини ээрчитип үйүнө келет. Кагаз сурады, бирок, кагаз табылбайт. Бир сөөктү алып, анын бетине "Бисмиллахтан” кийин: "Эй, Саад, бул мажусини капа кылба, болбосо, дароо жаныма кел!” - деп жазып колуна берет.

Мажуси сөөктү алып үйүнө келет. "Бекер эле убара болуптурмун, бул сөөктү колбашчыга көрсөтө турган болсом «шылдыңдап жатасың» деп ачууланса керек”, - дейт. Акыры аялынын көндүрүүсү менен Саадга барат. Саад аскерлеринин арасында көңүлдүү отурган эле. Көзү узакта келе жаткан мажусинин колундагы сөөккө түшөт. Момундардын амири Омардын жазуусун таанып, ошол замат жүзү бозоруп кетти. Иреңинин капыстан өзгөрүүсүнө бардыгы таң калышты. Саад мажусинин жанына барып: "Эмнени кааласаң ошону орундайын, бирок, мени Омардын алдына жибербе! Анын жазасына чыдай албасмын”, - дейт. Мажуси колбашчынын мындай жалбаруусун көргөндө таң калганынан эсинен танып калды. Эсине келгенде калима айтып мусулман болду. Мажусинин мусулман болгонун уккан достору: "Эмнеге мусулман болдуң?” – деп сурашат. Ошондо ал: "Амирлерин көрдүм, жамалган чапан кийип, топурак үстүндө уктап жаткан эле. Кол башчынын андан коркуп калтырап калганын да көрдүм. Булардын хак динде экенин түшүндүм. Мен сыяктуу отко табынган адамга ушунчалык адилеттик көрсөтүү жалгыз гана хак динге ишенгендерде гана болот”, - дейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш