Бир киши Хазрети Омардын жанында бир маселе
тууралуу күбө болгон эле. Хазрети Омар андан: "Мен сени тааныбайм, сени жакшы тааныган бирөөнү алып кел”, - дейт.
Ошол жерде
тургандардын бири: "Мен
аны тааныйм”, - дегенде, Хазрети Омар: "Ал кандай адам?” – деп сурайт. Ал: "Ишеничтүү жана
адилеттүү адам”, - деп жооп берет.
Хазрети Омар
кайра сурайт:
- Күндүзү
дагы, түндө дагы кандай экендигин билгидей жакын кошунаңбы?
- Жок.
- Адамдын
такыбаасын белгилүү кыла турчу нерсе ортодогу мамиле болуп саналат. Сен бул
адам менен бир нерсе алышып-бериштиң беле?
- Жок.
- Аны менен
адамдын ахлагынын жакшы же жаман экендигин билүүгө мүмкүндүк берчү кандайдыр
бир сапарга чыгып көрдүң беле?
- Жок.
- Ошондо
Хазрети Омар: "Демек,
сен аны тааныбайсың”, - деп тиги адамды карап: "Бар, сени тааныган бир адамды алып
кел”, - деп кайра жиберди.