Бир күнү Сахабалар Хазрети Алинин мартабасын билүү
үчүн Пайгамбарыбыздан мындай деп сурашты:
- Йа, Расулаллах! Хазрети Алини ушунчалык жакшы
көрүүңүздүн себебин айтасызбы?
Пайгамбарыбыз:
- Андай болсо Алини чакыргыла! – деди.
Бирөө Хазрети Алини чакырууга кетти. Калгандарынан
Пайгамбарыбыз мындай деп сурады:
- Бир адамга жакшылык кылсаңар, ал эми ал адам
силерге жамандык кылса силер эмне кыласыңар?
- Жакшылык менен жооп беребиз.
- Кайра жамандык кылса дагы жакшылык кыласыңарбы?
- Ооба, жакшылык кылабыз.
- Силерге үчүнчү жолу жамандык кылса эмне
кыласыңар?
Үчүнчү жолу сураганында эч ким жооп берген жок.
Үнсүз баштарын төмөн каратышты. Хазрети Али келгенде Пайгамбарыбыз андан да дал
ушул суроолорду сурады:
- Эй, Али! Бир адамга жакшылык кылсаң, ал сага
жамандык кылса эмне кыласың?
- Жакшылык кылам.
Пайгамбарыбыз жети жолу сураганда да ушул жоопту
алды.
- Баары бир жакшылык кыламын, йа, Расулуллах!
Убара болбоңуз, канча сурасаңыз да берер жообум ушул.
Сахабалар бул жоопту укканда таң калып,
Пайгамбарыбызга мындай дешти:
- Йа, Расулаллах! Хазрети Алини эмне үчүн мынчалык
жакшы көрүүңүздүн себебин билдик. Биз да аны өтө жакшы көрөбүз...