Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Императордун таң калуусу




Императордун таң калуусу


Абдуллах Бин Хузафе жана анын сексенге жакын жолдошу Византиялыктарга туткунга түшөт. Аларга император тарабынан диниңерден кайткыла деп катуу кысым жасалат. Өзгөчө Абдуллах Бин Хузафе катуу кыйналат. Бирок, Абдуллах Бин Хузафе өз дининен кайтпай тургандыгын айтып туруп алат. Император:

- Диниңерден кайтпасаңар казанга кайнатып өлтүрөм, - дейт. Мусулмандар диндеринен кайтпай тургандыктарын кайталашат.

Казанга май куюп, астына от жагып, бир туткун мусулманды алып келип:

- Диниңен кайт! – деп акыркы жолу эскертет. Ошондо мусулман аларга карап күлүп туруп:

- Мына азыр шейиттерге убада кылынган Бейиштеги заңгыраган үйлөр көз алдымда турат. Аттиң, жаным көп болгондо, Бейиште көп заңгыраган үйлөргө жетээр элем, – дейт. Муну уккан Византиялыктар ал мусулманды кайнап турган казанга ташташат.

Хазрети Абдуллахка да дал ушундайча:

- Диниңен кайт! – деп акыркы жолу эскерткенде: "Жок”, - деп жооп кайтарган Хазрети Абдуллахтын да казанга ташталуусу буйрук кылынат. Казанга таштоого алып бара жатканда Хазрети Абдуллах өксүп ыйлайт. Мун көргөн император аны алдына алып келинүүсүн буйрук кылат. Императордун алдына келген Хазрети Абдуллах: "Мени ушундай абалга түшкөнүм үчүн ыйлап жатат деп ойлобо. Андай эмес. Менин Аллах жолунда курман кылар жалгыз гана жаным бар. Чачымдын санындай көп жаным болгондо бардыгын кубана-кубана Аллах жолунда курман кылмакмын..., - дейт.

Мындай күчтүү ыймандан таасирленген император бир шылтоо таап Хазрети Абдуллахты боштондукка чыгаргысы келет.

- Менин башымды өпсөң боштондукка чыгарам.

- Жок!

- Диниңен кайтып, менин кызыма үйлөнсөң мал-мүлкүмдүн жарымын сага беремин.

- Жок!..Жок!

- Башыман өпсөң сени жаныңдагы 80 жолдошуң менен кошуп боштондукка чыгарам.

Хазрети Абдуллах императордун бул сунушуна макул болуп, императордун башынан өптү да, 80 жолдошун алып Мединига кайтат. Аларды Мединидагы сахабалар кучак жайып тосуп алышат. Хазрети Омар сахабаларды карап: "Баарыңар тең Абдуллахтын башынан өпкүлө”, - дейт.

Хазрети Омар өзү баштап артынан бүткүл мусулмандар Хазрети Абдуллахтын башынан өбүшөт...

Абдуллах Бин Хузафе Хазрети Османдын доорунда Мысырда кайтыш болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш