Расулуллахтын сүйүктүү күйөө баласы Хазрети Али
(радыйаллаху анх ва каррамаллаху важхах) намазга турган учурда жер коңторулуп
жатса да сезбес эле.
Мындай деп баяндалат: Бир казат учурунда
ХазретиАлинин (радыйаллаху анх) ыйык бутуна жебе тийип, сөөгүнө чейин кирип
кетет. Окту суура албай коюшат. Дарыгерге көрсөтүшөт. Табып: "Сага
аң-сезимиңди жоготуп, уктата турган дары беришибиз керек. Ошондо гана бутуңдан
жебени чыгара алабыз, же болбосо, бутуңдун оорусуна чыдай албайсың”, - дейт. Амир-ул-муминин Хазрети Али (радыйаллаху анх):
"Уктата турган дарынын кереги эмне? Кичине күткүлө, намаз маалы келсин,
анан мен намазга турганда жебени чыгаргыла”, - дейт. Намаз убакты болот. Хазрети Али намаз окуй баштайт.
Дарыгер ошол маалда Хазрети Алинин бутун жарып жебени чыгарат. Жарасын таңат.
Хазрети Али (радыйаллаху анх) намазын бүтүргөндө: "Жебени чыгардыңбы?” -
деп сурайт. Дарыгер: "Чыгардым”,
- дейт. Хазрети Али (радыйаллаху анх): "Таптакыр сезген жокмун”, - деп жооп берет.
Буларда таң
кала турчу эмне бар! Юсуф (алейхиссаламдын) сулуулугуна суктанган Мысырдык
(Египеттик) аялдар акыл-эсин жоготушуп, колдорун кесип жатканын байкабай
калышкан. Эгер Аллаху тааланын алдында туруу, Аны сүйгөн пенделерин өздөрүн
унутуп койгондой абалга алып келсе, буга эмнеге таң калалы? Момундар да өлүм
учурундаПайгамбарыбызды көрүп, өлүм кыйынчылыгын сезишпейт.