Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Абдуллах бин Аббас




Абдуллах бин Аббас


Абдуллах бин Аббас – улуу сахабалардын бири болгон. Хижрадан 3 жыл мурда дүнүйөгө келди. Пайгамбарыбыз кайтыш болгон кезде 13 жашта болчу. Эки жолу Жабраил алейхиссаламды көрдү. Пайгамбарыбыз ага «Аллаху таала акылмандык берсин» деп дуба кылган. 71 жашында Таиф жергесинде кайтыш болду.

Бир күнү мечитке бара жатып жолдо бир сулуу аялды көрөт. Напсинин ага жүз бурганын байкады. "Йа, Раббым! Сен мага көздү нимат кылып бердиң. Бирок, мунун бир балээ болуусунан коркомун. Көзүмдү көрсөтпө”, - деп дуба кылды. Көздөрү көрбөй калды. Бир тууганынын баласы аны мечитке алып барат, бир теректин түбүнө кыбылага каратып отургузат. Бала ойноого кете турган, керек болгондо баланы чакырып алчу. Бир күнү даарат алуу керек болот. Баланы чакырат. Оюнга берилип кеткен бала оңойдо келе калбайт. Айлананы булгоодон коркуп: "Йа, Раббым! Көзүмдү нимат катары бердиң. Балээ боло турганынан коркуп көргөзбөй койдуң. Эми кийимим менен мечиттин булгануусунан коркомун, - дейт. Ошол кезде көрбөгөн көздөрү кайрадан ачылды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш