Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Ал айткан болсо туура айткан!




Ал айткан болсо туура айткан!


Мусулмандар Мединага хижрат кылган кезде таза суу маселеси кыйын болгон эле. Кудук көп болчу. Бирок, суулары анча жакшы эмес эле. Руме деген кудуктун суусу өтө сонун эле. Бул кудук бир яхудинин кудугу болчу. Яхуди мусулмандарды кыйноо үчүн кудуктан дайыма эле суу бере берчү эмес. Берген күндө да кымбат баага сатчу. Ошондуктан, бардык адам ала алчу эмес жана кедей мусулмандар алгандан кыйналышчу.

Пайгамбарыбыз муну көрүп капаланды. Бир күнү мындай деди: "Руме кудугун ким алып өз челегин мусулмандардын челеги менен тең кармаса Бейиштеги челеги мындан кайырлуу болот.

Муну уккан Хазрети Осман дароо яхудиге барып соодалаша баштайт. 12000 дирхамга (күмүш акча) кудуктун жарым үлүшүн сатып алды. Ошентип, кудуктун башында бир күнү яхуди, бир күнү Хазрети Осман туруп суу сатышат. Яхуди дагы да жогору баага сатат, ал эми Хазрети Осман бекер берет. Мусулмандар Хазрети Османдын кезеги келгенде эки күндүк сууларын алып алышчу. Эртеси яхудиге эч ким барчу эмес. Яхуди эми кудуктун калган жарымын да ошол баага Хазрети Османга саткысы келет. Бирок, Хазрети Осман ага көнбөйт. Бир аз убакыт өткөн соң дагы келип, арзан баага макул болуп сатат. Ушундайча кудук толугу менен мусулмандардын керегине жумшалат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш