Билал Хабеши хазреттери Расулуллахтын кайтыш
болуусунан бир аз убакыт өткөн соң мусулмандардын энеси Айша энебиздин үйүнө
барып эшигин какты. Ошондо Айша Сыддык энебиздин ичинен ыйлап туруп: «Ажыроо
оту менен күйүп турган жүрөктүн эшигин каккан ким?» - деген үнүн укту.
- Расулуллахтын кызматчысы, Билалмын... Абалыңыз
кандай?
- Эй, Билал! Суудан узакта калган балыктын абалы
кандай болмок? Бүгүн түндө Расулаллахты түшүмдө көрдүм, периштелер менен жүргөн
экен. Кайда бара жатканын сурадым. Атамдын рухун күтүп алууга бара жаткандыгын
айтты.
Хазрети Билал дароо Абу Бакр Сыддыктын жанына
барып Айша энебиздин түшүн айтып берди. Хазрети Абу Бакр ага:
- Аллаху тааланын аты менен ант беремин, түндө мен
да ушул түштү көрдүм. Мен кызымдын жанына барайын, мени бир жолу болсо да көрүп
калсын.
Айша энебиз атасын тосуп чыгып:
- Атакем! Сага керек болор деп таза кепин алып
келдим.
- Кызым ал кепинди койо тур! Мен мусулман болгон
күнү кийип жүргөн үстүмдөгү кийимимди мага кепин кылгыла! Анткен,и көп
убакыттарымды Аллахты сүйүүдөн болгон коркунуч менен ыйлап, көз жашымды ошол
кийимиме сүртчү элем. Аллаху таала ошол көз жаштарымдын урматына балким мага
мээрим көрсөтөөр.
Хазрети Абу Бакр ошол түнү кайтыш болду.