Хазрети Мухаммед Бакр - Ахли байттан
(пайгамбарыбыздын урпагынан) Хазрети Хусейиндин небереси жана улуу аалымдардан
болгон.
Бир күнү сахабалардан Хазрети Жабирдин жанына
барат. Хазрети Жабирдин карылыктан көздөрү көрбөй калган эле. Мухаммед Бакрдын
саламын алгандан кийин: "Сен кимсин?” - деп сурады.
- Мухаммед бин Али бин Хусейинмин.
- Эй, Расулуллахтын небереси, жаныма кел!
Мусафаха (колун алып) кылып көрүшкөндөн кийин:
- Расулуллах мага айткан эле: "Эй, Жабир!
Сен менин балдарыман бирөөсүн көрүп сүйлөшкөнгө чейин өмүр сүрөсүң. Баламдын
аты - Мухаммед бин Али бин Хусейин. Аллаху таала ага нур жана хикмат берди. Ага
менден салам айт!”
Хазрети Жабир аманат болгон бул саламды ээсине
жеткиргенден кийин бираз күндөн соң кайтыш болду.