Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Ишенүү жана ишенбөө




Ишенүү жана ишенбөө


Хазрети Али "радыйаллаху анх” мындай деген: "Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө ишенбеген бирөөнү көрсөң ага мындай де: «Мен ишенемин, ыйман келтиргенмин. Сенин айткандарың туура болсо мен мындан эч зыян көрбөймүн. Менин айткандарым туура чыкса сен түбөлүккө отто күйөсүң!» Ишенген адам динге моюн сунуп, эч кимдин укугун тебелебей, эч кимдин акысын жебей адал өмүр сүрүп, көркөм мүнөз менен дүнүйөдө жакшы адам болгондой эле акыретте да мунун жемишин көрөт. Ал эми ишенбеген адамдын дүнүйөдө чектелүүлөрү болбогондой эле акыретте да азапка учурайт. Ишенбеген, ыймансыз бир адам өлсө өзүнүн ишеними боюнча жок болот. Ал эми ишенген, ыймандуу адамдын ишеними боюнча ал Жаханнамда түбөлүк азап чегет. Ишенген, ыйманы бар адам өлсө ыймансыздардын көз карашы боюнча жок болот. Ал өз ишеними боюнча чексиз лаззаттар, ниматтар ичинде өмүр сүрөт. Акылы, билими бар адам ушул экөөнүн кайсынысын тандайт. Албетте, экинчисин тандайт да. Дүнүйө иштериндеги жана ааламдагы далилдер менен мыйзамдуулуктар акыл ээлерине Аллаху тааланын бар экендигин кабар берип, көрсөтүп турат. Ал эми акыреттин бар экендигин болсо Аллаху таала кабар берип турат. Андай болсо акылы, илими бар адамдын Аллаху тааланын бар экендигине жана тирүү экендигине ишенүүсү керек. Ишенбөө акмактык жана жахилдик болот. Исламга моюн сунган адам дүнүйөдө ырахат жана бактылуу өмүр сүрөт. Бардык адамдарга жакшылык кылат. Аллаху таала кулдарына көп мээрим кылгандыгы үчүн пайдалуу нерсени жасоону буйрук кылган. Бул буйруктар "парз” деп аталат. Зыяндуу нерселерге тыйуу салган. Ал "харам” деп аталат. Парздар менен харамдардын бардыгы "Ислам өкүмөрү” деп аталат. Исламга ишенген жана анын өкүмдөрүнө моюн сунган адам дүнүйөдө жана акыретте Аллаху тааланын жакшылыктарына жетип, бактылуу болот. Ишенбеген адам акылы менен туура ойлонуп, дүнүйөдө пайдалуу болгон өкүмдөргө баш ийсе дүнүйөдө гана бактылуу өмүр сүрөт. Азыркы күндө Европалыктардын бир бөлүгү ушул себептен ырахат жана бактылуу өмүр сүрүшүүдө. Исламга баш ийбеген мусулмандар төмөн, кор абалда өмүр сүрүп жатышат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш