Хазрети Малик бин Динар (рахметуллахи алейх)
мындай деди: "Бир жылы ажылыкка бара жаткан элем, ай талаада оозунда наны
бар бир куштун бир жерге конуп учуп кеткенин, кийин кайра кетип нан алып келип,
кайра учуп кеткенин көрдүм. Куштун бул аракети кайталана берди. Менин буга
назарым түшүп, куштун конуп жаткан жерине бардым. Карасам бир чуңкурда буту-колу байлануу киши жаткан экен. Аны
бошотуп, эмне болгонун сурадым. Ал киши мындай деди: "Мен дагы сен сыяктуу
ажылыкка бара жаткан элем, жолдо бизди каракчылар тоноп, мени байлап ушул жерге
таштап кетишти. Менин бул жерде экенимди эч ким билчү эмес, байлануу, ач,
суусуз абалда ушул жерде жаттым. Бул чуңкурдан эч ким мени көрмөк да эмес,
менин өлчү жерим ушул жер экен деп ойлой баштаган элем. Ушул чарасыз абалда Аллаху
таалага "Йа, Рабби, сен бардык нерседен кабардарсың, мен сенин үйүңдү
зыярат кылуу үчүн жолго чыккан элем, башыма ушул балээ келди. Мени бул абалдан
куткара көр!” деп жалбарып дуба кылдым. Дуба кылгандан кийин ушул куш нан алып
келип оозума таштай баштады. Кайдан алса да бир идиш менен суу алып келип,
көкүрөгүмө конуп, тумшугу менен идишти эңкейтип суу ичирди. Бирок, жерге
(казыкка) байлануу болгондуктан кутула албаган элем. Ачкалыктан жана
суусуздуктан өлбөй күтүүдө жаткан элем, мына эми сен келдиң.”