Ибрахим Гүлшани хазреттери бир күнү шакирттери
менен сухбатташып отурган эле. Шакирттеринин бири мындай деп сурады:
- Устазым! Аллаху тааланын ырайымы менен кабырдагы
өлүүлөрдүн азапта же нимат ичинде экендигин билүүгө болобу? Дуба кылуу аркылуу
булардын азабын токтотууга болобу?
Ибрахим Гүлшани хазреттери мындай деп жооп берди:
- Аллаху тааланын сүйгөн кулдарынын бири бир
кабырды караганда кабырдагы адамдын азап ичинде болгондугун көрөт. Арадан бираз
убакыт өтүп, таважжух кылып, дагы бир караганда азаптын токтогонун байкайт. Таң
калганынан ойго чөмүлөт. Ошол кезде бир үн угулат: "Бул кабырда
жаткан адамдын ымыркай баласы бар эле. Энеси ал баланы илим үйрөнүүгө жиберди.
Бала "Бисмиллахиррахманиррахим” сөзүн үйрөнгөндө ушул сөздүн урматына
атасынын азабы токтотулду.”