Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Шайтандын айласы




Шайтандын айласы


Атактуу олуялардын бири Баязид Бистами бир күнү катуу уйку басып, багымдат намазына тура албады. Буга катуу кайгырып, тообо кылып, ыйлап жаткан кезинде бир добуш укту: "Эй Баязид, бул кемчилигиңди кечирдим, ушул көз жашың менен кылган тообоңдун берекети үчүн сага дагы да жетимиш миң намаздын сообун бердим. Бир нече ай өткөн соң дагы бир багымдат намазында уктап калат. Шайтан келип: "Тур, намазың казага калат, турдеп ойгото баштайтОшондо Хазрети Баязид: "Эй, наалатталган шайтан, сен бул ишти кандайча кылып жатасың? Сен баарынын намазын окубоосу үчүн, казага калтыруу үчүн тырышчу элең, кандайча мени ойготуп жатасың?”- дейт.  Шайтан мындай жооп берет: "Сен өткөндө багымдат намазын казага калтырган күнү ыйлап жетимиш миң намаздын сообун алган элең. Бүгүн ошону ойлоп, бир убакыт намаздын сообун гана алсын деп сени ойготтум, анын ордуна жетимиш миң намаздын сообун алып койбосун дедим.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш